Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы ыйгарылды


 "Ак Шумкар" ордени.
"Ак Шумкар" ордени.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен мамлекеттик ишмерлер - Жусуп Абдрахманов менен Акматбек Сүйүмбаевге "Кыргыз Республикасынын баатыры" жана "Ак Шумкар" ордени ыйгарылды.

Бул тууралуу бүгүн, 31-августта президенттин расмий интернет баракчасына маалымат жарыяланды.

Мамлекеттик ишмерлерге Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн түптөө жана элге өтөгөн кызматы үчүн жогорку даражадагы сыйлыктар ыйгарылды.

Жусуп Абдрахмановдун быйыл 120 жылдыгы белгиленүүдө. Коомдук жана мамлекеттик ишмер Абдрахманов 1938-жылы репрессияга учураган. Анын күндөлүгүн басып чыгарууну президенттик аппарат колго алганы буга чейин кабарланган.

Сүйүмбаев Токтогул ГЭСин курууда, Ош облусундагы бир катар өнөр жайларды ачууга өбөлгө болгон мамлекеттик, партиялык ишмер. 1920-жылы төрөлүп, 1993-жылы каза болгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG