Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

31-августка карата шайлоого катышуу үчүн алты партия билдирме жөнөттү


Парламенттик шайлоого катышуу үчүн 31-августка карата алты партия билдирме жиберди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, шайлоого катышуу үчүн билдирмени "Социал-демократтар", "Улуттар биримдиги", "Ишеним", "Альянс", "Кыргызстандын жашылдар партиясы", "Жаратман эл" берген.

Парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Шайлоого катышчу партиялар 3-сентябрга чейин Боршайкомго билдирме жибериш керек. Бир мандаттуу округдардан талапкер болчу жарандар 14-октябрга чейин арыз тапшырышы зарыл.

Бул жолку парламенттик шайлоо пропорционалдык (54) жана мажоритардык (36) система менен өтөт. Шайлоочулар партиянын тизмесиндеги талапкер үчүн дагы добуш бере алат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG