Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:55

АКШнын мамкатчысы Блинкен кыргызстандыктарды куттуктады


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эгемендиктин 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.
Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен эгемендиктин 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Эгемендиктин 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Ал АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы ондогон жылдык карым-катышты, байланышты жогору баалап, мындан ары да жалпы демократиялык баалуулуктардын чегинде кызматташтык уланарына ишеничин билдирди.

"Эки өлкөнүн тыгыз байланышы эки элди эле жакындатуудан тышкары адамзаттын жалпы көйгөйү болгон климаттын өзгөрүшү, улуттар аралык уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кыйынчылыктарын бирге чечүүгө өбөлгө болот. Кошмо Штаттары Кыргызстанды коронавирус менен күрөшүүдө колдоп, бул максатта 5 миллион доллардык жардам көрсөттү. Кыргызстандын эгемендигин, көз карандысыздыгын жана аймагынын бүтүндүгүн колдойбуз".

Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен бир нече өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттукташты. 30-августта Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель телефон чалып, президентти жана жалпы Кыргызстандын элин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттукташты.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG