Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Кызды тепкичтен тоголото чапкан адамга издөө салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Октябрь райондук ички иштер бөлүмү караоке клубдан чыгып келе жаткан кызды бетке урган адамга "Ээнбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин социалдык тармакта тепкичтен чыгып келе жаткан кызды жанындагы адам чыканагы менен бетке тоголото койгон видео тараган.

Милициянын маалыматына ылайык окуя 29-августтун түнүндө Бишкектеги караоке клубдардын биринде болгон.

Караоке клубдун администраторунун милицияны чакыруу сунушунан запкы көргөн кыз баш тартып, чапкан адам күйөөсү экенин билдирген.

Учурда комплекстүү тергөө иштери жүрүп жатат, шектүүнү кармоо үчүн издөө жарыяланды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG