Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Өзбекстан ооган качкындарына чек арасын ачууга даяр экени тууралуу маалыматты четке какты


Кабулдагы аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.
Кабулдагы аскерлер. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) өлкө талибдердин режиминен качып жаткан ооганстандыктар үчүн чек арасын ачууга даяр экени жөнүндөгү маалыматты четке какты.

Буга чейин Reuters агенттиги Өзбекстанга барган Германиянын тышкы иштер министри Хайко Мааска шилтеме кылып, Ташкент Ооганстандагы талибдердин запкысынан коркуп, өлкөдөн чыгып кетүүнү көздөгөн Германиянын тизмесинде турган жарандарга чек арасын ачууга даяр экенин кабарлаган.

"Коопсуздукту камсыз кылуу максатында учурда өзбек-ооган чек арасы толук жабык. Жакынкы убакта эки өлкөнүн чек арасындагы "Термез" көзөмөл-өткөрмө бекетин ачуу планы жок", — деп жазылган Өзбекстандын ТИМнин билдирүүсүндө.

Мекеме кандай себеп экенине карабастан, өлкө чек арасынан өтүү аракеттеринин баары Өзбекстандын мыйзамдарына ылайык токтотуларын белгиледи.

Акыркы 12 күндүн ичинде Өзбекстан Ооганстандагы өз жарандарын эвакуациялоо боюнча бир катар өлкөнүн гуманитардык операцияларына жардам берип келет. Эвакуацияланган чет өлкөлүктөр алгач Өзбекстандын аймагына жеткирилип, андан соң өз өлкөлөрүнө жөнөтүлүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG