Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52

Бүгүн Кыргызстандын эгемен мамлекет болгонуна 30 жыл толду


Эгемендик майрамын белгилөө учуру. Бишкек. 31-август, 2019-жыл.
Эгемендик майрамын белгилөө учуру. Бишкек. 31-август, 2019-жыл.

Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун курамынан бөлүнүп, көз карандысыздыгын жарыялаганына бүгүн, 31-августта 30 жыл толду.

Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн борбор калаа - Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт.
Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот.

Эгемендиктин 30 жылдыгы өлкөнүн бардык аймактарында, чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринде майрамдалат.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.

Бул датага байланыштуу жыл сайын Бишкек шаарында жана аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулат. Былтыр пандемиядан улам баш калаанын Ала-Тоо аянтындагы майрамдык иш-чара көрүүчүлөрсүз өткөн. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков катышкан бир сааттык расмий бөлүк телеканалдарда түз ободо көрсөтүлгөн.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG