Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

Жамбылдагы жарылууда өлгөндөрдүн саны 15 кишиге жетти


Жамбылдагы аскердик бөлүктүн кампасындагы жарылуу. 26-август, 2021-жыл. (Видеодон алынган кадр)
Жамбылдагы аскердик бөлүктүн кампасындагы жарылуу. 26-август, 2021-жыл. (Видеодон алынган кадр)

Жамбыл облусундагы курал-жарак сакталган кампада жарылуу болгон жерден дагы бир кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-августта билдирди.

Төрт күн мурун болгон кырсыкта өлгөндөрдүн саны 15ке жетти. Алардын арасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, аскердик бөлүктүн, аскерлешкен көзөмөл мекемесинин жана аскердик прокуратуранын кызматкерлери бар. Төрт кишинин сөөгү аныктала элек. Бир адамдын дайыны белгисиз.

26-августта аскердик бөлүктө өрт чыгып, кампада сакталган курал-жаракка жабышкан. Аскердик бөлүктөн, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 98 киши ар кандай жараат алды.

Тараз шаардык ооруканасында 28 киши дарыланып жатканын, алардын төртөөнүн абалы орточо оор экенин акимиат маалымдады. Кампада жарылуу болгондон кийин жүздөгөн киши жакынкы үч айылга эвакуацияланган. Жекшембиде алардын көбү үйлөрүнө кайтып келишти.

Жергиликтүү бийлик 106 турак үй, 12 коммерциялык объект жана үч мектептин имараты зыян тартканын билдирди.

Коргоо министрлиги кампада 10 жолу жарылуу болгонун бышыктады. Маалыматка караганда, аскердик бөлүктө Арыстан ташылган курал-жарак сакталып турчу. Төрт жыл мурун Арыста дал ушундай кырсык болуп, төрт кишинин өмүрү кыйылган.

Жамбылдагы окуядан кийин Казакстандын коргоо министри Нурлан Ермекбаев кызматтан кетерин жарыялады. Жекшембиде коңшу өлкөдө аза күтүү жарыяланган эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG