Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Камактагы саясатчылар Сариев менен Жээнбеков кайрылуу жасашты


Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Саясатчы Равшан Жээнбеков менен мурдагы премьер-министр Темир Сариев эгемендиктин 30 жылдыгына карата кайрылуу кат жазышты.

Жээнбеков өз кайрылуусунда советтик курамдан чыккан Балтика өлкөлөрү, Украина, Грузия авторитардык идеология менен кош айтышып, экономикалык, социалдык жана саясий өнүгүүлөрдү камсыз кыла алышканын белгилеген.

"Ал эми биз жакырчылык, адилетсиздик, жумушсуздук жана терең социалдык кризистен чыга албай, авторитардык бир адамдын башкаруусун 30 жыл бою колдоп келе жатабыз. Жыйынтыгында дүйнөдөгү эң жакыр жана алсыз өлкөлөрдүн катарында калуудабыз", - деди ал.

Жээнбеков андан сырткары, бул көйгөйдөн демократия жана эркиндик менен гана чыкса болорун белгилеген.

Ал эми мурдагы өкмөт башчы Темир Сариев Кыргызстандын эртеңки күнү үчүн баардыгы жоопкер экенине токтолгон.

"Өлкөбүздөгү тынчтык жана биримдик ар бир үй-бүлөдөн, ар бир жамааттан башталат. Болочок муундарга гүлдөгөн Кыргызстанды өткөрүп берүү – биздин негизги максатыбыз жана ыйык милдетибиз. Мекенимдин, элимдин алдында абийирим таза! Өз чындыгым үчүн акырына чейин күрөшөм", - деп жазган.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да камактан кайрылуу жасаган эле.

Былтыр, 2020-жылы октябрь окуяларындагы тополоңдо абактан чыгып, кийин бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн саясатчы Равшан Жээнбеков кайрадан тергөө абагына 5-августта камалган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимине ылайык, анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, 5-октябрга чейин борбор калаадагы №1 тергөө абагына камалды.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузган деп тапты. УКМК Кумтөрдөгү жагдайды текшерүү боюнча 2012-жылы түзүлгөн мамлекеттик комиссияны жетектеген Сариевди "Кумтөр кениндеги экологиялык чыгымдарды миллиарддаган сомго азайткан" деген айып менен 3-августта кармаган.

Соттун чечими менен ал сентярбь айынын аягына чейин УКМКнын тергөө абагында калтырылды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG