Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Көкбөрү: “Ала-Тоо” командасы жогорку лигада 3-орунду ээледи (видео)


"Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын беттеши. 30-август, 2021-ж. Сүрөт КТРК Спорт телеканалынын Ютубдагы каналынан алынды.
"Достук" жана "Ала-Тоо" командаларынын беттеши. 30-август, 2021-ж. Сүрөт КТРК Спорт телеканалынын Ютубдагы каналынан алынды.

Ош шаарынын “Ала-Тоо” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште жогорку лигада 3-орунду ээледи. Аталган команда коло байге үчүн беттеште Ош облусунун "Достук" командасы менен ойноп, 4:2 эсебинде жеңишке жетти.

Буга чейин биринчи лигада 3-орун үчүн беттеште Нарын облусунун “Соң-Көл” жана “Ат-Башы” командалары ойноп, “Соң-Көлдүн” оюнчулары 1:0 эсебинде жеңишке жеткен.

Эртең, 31-августта биринчи лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командасы (башталышы: саат 10:00), эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” (Ысык-Көл) командасы (башталышы: саат 13:30), жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы (башталышы: саат 15:00) финалда ойнойт.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчалары жана "КТРК-Спорт" телеканалынан түз чагылдырылат.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн Көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган. Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG