Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Көкбөрү: "Соң-Көл" командасы биринчи лигада 3-орунду алды


"Соң-Көл" командасы. 30-август, 2021-жыл.
"Соң-Көл" командасы. 30-август, 2021-жыл.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган Көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеште биринчи лигада "Соң-Көл" командасы 3-орунду ээледи. Нарын облусунун Ак-Талаа районунун "Соң-Көл" командасы 3-4-орун үчүн беттеште "Ат-Башы" командасы менен ойноп, 1:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюн бүгүн, 30-августта Ысык-Көл облусунун Чопон-Ата шаарындагы атмайданда өттү.

Ушул тапта жогорку лигада Ош облусунун “Достук” жана Ош шаарынын “Ала-Тоо” командалары 3-орун үчүн таймашууда. 2-таймда азырынча эки команда 2:2 эсебинде тең келе жатат.

Эртең, 31-августта биринчи лигада Ысык-Көлдүн “Мурас” жана Бишкектин “Көк-Жал” командалары, жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” жана Таластын “Ынтымак” командасы, эл аралык лигада Өзбекстан курама командасы менен Кыргызстандын “Жети-Өгүз” (Ысык-Көл) командасы финалда ойнойт.
Беттештин убактысы азырынча аныктала элек.

Финалдык оюндар “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчалары жана "КТРК-Спорт" телеканалынан түз чагылдырылат.

Президенттин кубогу үчүн Көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган. Биринчи лигада 17 команда, жогорку жана эл аралык лигада алтыдан команда баш байге үчүн ат салышты. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG