Орусия Ооганстанда "Талибан" кыймылы бийликти басып алып, Борбор Азия чөлкөмүнө кооптуу кырдаал жаралган маалда 500дөй аскери Тажикстанда аскердик машыгууга катышып жатканын билдирди.
Тоолуу Самбули аймагындагы аскер полигонунда өтүп жаткан иш-чарага Тажикстанда жайгашкан "Орусиянын 201-аскер базасынын аткычтар тобу катышып, курал-жабдык колдонууну көрсөтүүдө" - деп айтылат Борбордук аскер округунун 30-августтагы билдирүүсүндө.
Үч күн мурун Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) расмий өкүлү бирикме аскердик машыгууларды Кыргызстанда жана Тажикстанда өткөрөрүн жарыялаган.
Кыргызстанда Орусиянын бир нече аскердик объектиси бар. Алардын эң чоңу - Канттагы аскердик аба базасы. Москванын карамагында Канттагы аскер аба майданы, Ысык-Көлдөгү Кой-Сары жана Кара-Булуң торпеда сыноо полигону, Чалдыбардагы байланыш түйүнү жана Майлуу-Суудагы сейсмикалык борбор турат.
ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. Ооганстан менен чектешкен Борбор Азиянын өлкөлөрү "Талибан" бийликти басып алгандан кийинки кырдаалдан жана ооган качкындарынын катуу толкуну каптайбы деп чочулап турат.