Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

ЖККУнун Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келет


Станислав Зась.
Станислав Зась.

Бүгүн, 31-августта Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Баш катчысы Станислав Зась Кыргызстанга келет.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал Кыргызстанда 2-сентябрга чейин болот. Сапар алкагында баш катчы өлкө жетекчилери, аскер башчылары менен жолугат.

Жолугушууда Станислав Зась ЖККУнун 15-16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өтө турган кезектеги сессиясына даярдыкты талкуулайт. Мындан тышкары уюм алкагындагы аймактардагы кырдаал тууралуу маалымат берет.

Дүйшөмбү шаарында өтө турган сессияда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин, Коргоо министрлеринин жана Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын биргелешкен отуруму болот.

ЖККУ 1992-жылы Ташкентте түзүлгөн. Ага Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан мүчө болуп кирген. Азербайжан, Беларус, Грузия кийинчерээк кирген. 1999-жылы келишимди узартуудан Азербайжан, Грузия жана Өзбекстан баш тарткан. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG