Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Бишкекте борбордук көчөлөр жабылат


"Ала-Тоо" аянтындагы Эгемендик майрамы. Бишкек. 2018-жыл.
"Ала-Тоо" аянтындагы Эгемендик майрамы. Бишкек. 2018-жыл.

Эгемендиктин 30 жылдык мааракесин майрамдоо салтанатын уюштуруу жана өткөрүү иштери учурунда Бишкектин бир нече көчөсү саат 02:00 тартып жабылат. Мэриянын басма сөз кызматы кабарлагандай, Чүй проспекти менен Абдумомунов көчөсү Орозбеков көчөсүнөн Эркиндик көчөсүнө чейин жабык болот.

Аскер парадына катышуучу атайын техникалардын жүрүүсүнө шарт түзүү үчүн Валиханов, Чүй, Тыныстанов, Гоголь көчөлөрү, Чүй жана Фучик көчөлөрүнүн кесилиши, Профсоюзный көчөсү да жабылат.

Отуз жылдык мааракеге байланыштуу бүгүн, 31-августта Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда салтанаттуу иш-чара өтөт.
Борбордук Ала-Тоо аянтында көз карандысыздыктын 30 жылдыгына арналып аскер парады, театрлаштырылган оюн-зооктор жана концерттик программа болот. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG