Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Чет өлкөлөрдүн лидерлери Кыргызстанды Эгемендик майрамы менен куттукташууда


Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик желеги. Иллюстрациялык сүрөт.
Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик желеги. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Садыр Жапаровду Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен бир нече өлкөлөрдүн мамлекет башчылары куттукташты. 30-августта Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Европа Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель телефон чалып, президентти жана жалпы Кыргызстандын элин өлкө эгемендигинин 30 жылдыгы менен куттукташты. Өлкөгө өсүп-өнүгүү жана кыргызстандыктарга бакубат жашоо каалашты.

Президент Жапаровдун расмий сайтындагы маалыматка ылайык, Кыргызстандын Эгемендигинин 30 жылдыгы менен 30-августта бир катар өлкөлөрдүн Бишкектеги элчилери жана эл аралык уюмдардын жетекчилери да куттукташкан.

Жогорку Совет 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз ССРинен Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыялаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG