Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Сентябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктады


Сооронбай Жээнбеков жана Садыр Жапаров. 16.10.2020.

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков эгемендиктин 30 жылдыгына байланыштуу кыргызстандыктарды куттуктады.

"Биз, саясатчылар, элибиздин, азыркы муундун алдында гана эмес, тарых алдында да жоопкербиз. Аталардын жаркын элесине таазим этүү менен, алар мураска калтырган мамлекеттүүлүк, көз карандысыздык, элибиздин биримдиги, жерибиздин бүтүндүгү сындуу баалуулуктарды саясий жана пенделик кызыкчылыктардан жогору коюуга милдеттүүбүз. Өлкөдөн өткөн дөөлөт жок", - деген Сооронбай Жээнбеков.

Ал азыркы муундун мамлекеттик ишмерлерине, саясатчыларга ийгилик каалаган.

30-августта абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдогон.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын 2017-2020-жылдардагы президенти. Ал 2020-жылы жыйынтыгы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин кызматтан кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG