Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Көкбөрү: эл аралык лигада “Жети-Өгүз” жеңүүчү болду


Чолпон-Ата шаарындагы көкбөрү
Чолпон-Ата шаарындагы көкбөрү

Ысык-Көл облусунун “Жети-Өгүз” командасы көкбөрү боюнча президенттин кубогу үчүн мелдеште эл аралык лигада жеңүүчү болду.

Бүгүн, 31-августта Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өткөн финалдык беттеште “Жети-Өгүз” оюнчулары Өзбекстандын курама командасын 3:1 эсебинде жеңип алды.

Президенттин кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл үч лигада: биринчи лигада, жогорку лигада жана эл аралык лигада өттү.

Биринчи лигада 17 команда, эл аралык жана жогорку лигада алтыдан команда ат салышты. Эл аралык лигада Өзбекстандын командасынан сырткары Орусиядан "Воронеж-Чолпонбай" жана Москва шаарынын, Кыргызстандын биринчи лигасында ойногон "Жети-Өгүз", "Бакубат-Талас", "Сокулук" командалары катышты.

Бүгүн биринчи лиганын финалдык беттешинде Бишкектин “Көк-Жал” командасы Ысык-Көлдүн “Мурас” командасын 3:0 эсебинде жеңип алды.

Ушул тапта жогорку лигада Чүйдүн “Сары-Өзөн” менен Таластын “Ынтымак” командасы баш байге үчүн беттешүүдө.

Аталган лигада 3-орунду кечээ Ош шаарынын “Ала-Тоо” командасы алган. Финалдык оюнду “Азаттыктын” социалдык тармактардагы баракчаларынан түз эфирде көрө аласыздар.

Эгемендиктин 30 жылдыгына арналган президенттин кубогу үчүн көкбөрү боюнча эл аралык мелдеш 23-августта башталган.

XS
SM
MD
LG