Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:01

АКШ Кабулдагы элчилигин Катарга көчүрөт


Америкалык тик учак Кабулдагы АКШнын элчилигинин үстүнөн учуп жүрөт, 15-август, 2021-жыл.
Америкалык тик учак Кабулдагы АКШнын элчилигинин үстүнөн учуп жүрөт, 15-август, 2021-жыл.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кабулдан америкалык дипломаттар толугу менен чыгып кеткенин жана АКШ Ооганстандагы дипломатиялык өкүлчүлүгүн токтотконун 30-августта билдирди. Андан бир нече саат мурун Вашингтон ооган жергесинен өз аскерлерин толугу менен чыгарып болгонун жарыялаган.

Блинкен Кабулдагы АКШнын элчилиги Катардын борбору Дохага көчүрүлгөнүн билдирди. Доха шаарында Ооганстанда бийликти басып алган “Талибан” кыймылынын дагы саясий кеңсеси бар.

«Биздин аскерлер Ооганстандан чыгып кетти. Америка менен Ооганстандын ортосунда алакалардын жаңы барагы башталды. Аскердик миссия аяктады, эми жаңы дипломатиялык миссия башталды”, – деди мамкатчы.

14-августтан тарта АКШ башка союздаштары менен 122 миңден ашуун кишини ооган жергесинен эвакуациялады. Ак үйдүн маалымат катчысы Ооганстандан 6000дей америкалык жаран чыгып кеткенин белгиледи.

Ошол эле маалда Батыш өлкөлөрүнө көмөктөшкөн миңдеген оогандык Кабул аэропортундагы баш аламан эвакуация маалында өлкөдөн чыга албай калды.

Блинкен белгилегендей, Кошмо Штаттар союздаштары менен бирге Кабул аэропорту кайра ачылгандан кийин америкалык жарандарга, чет элдиктерге жана кооптуу кырдаалга кабылган оогандыктарга учак же кара жол менен өлкөдөн чыгып кетүүгө “талбай” көмөктөшөт.

Мамкатчы эгер талибдердин өкмөтү өлкөгө жана регионго туруктуулук орнотуп, Кошмо Штаттар менен он жылдап түзүлгөн аяр мамилени сактап калса жана ал америкалыктардын кызыкчылыгына төп келсе, Вашингтон кызматташарын айтты.

XS
SM
MD
LG