Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:10

Гонконгдун администрациясын Бээжинди жактаган саясатчы башкармай болду


Жон Ли. Гонконг, 6-май 2022-жыл
Жон Ли. Гонконг, 6-май 2022-жыл

Гонконгдун администрациясын шаардын коопсуздук кызматынын жетекчиси Жон Ли башкармай болду. Ал жекшемби күнү атаандашсыз өнөктүктө шайлоочулар коллегиясынын 99 пайыз добушун алды.

"Кытайдын өзгөчө макамга ээ району эми бийликтин зулумчул ыкмасына ого бетер туш болот", - деп билдирди укук коргоочу Натан Лоу CNN телеканалына. Ансыз да акыркы жылдарда Бээжин шаардын автономиясын улам-улам чектеп келатат.

Ли өкмөткө каршы акцияларды басууну, катышуучуларды куугунтуктоо ишин жетектеген, 2019-жылы экстрадиция тууралуу мыйзамды сүрөөнгө алган. Ал 30 жылдан ашуун убакыт полицияда кызмат өтөп келатат.

2020-жылы Кытай бийлиги Гонконгдо улуттук коопсуздук тууралуу мыйзамды киргизгенде, Ли анын башкы аткаруучусу болуп дайындалган. Жикчилдикке, терроризмге, чет өлкөлүк күчтөр менен кутумчул аракеттерге тыюу салган жобо иш жүзүндө оппозициялык саясатчыларды, журналисттер менен активисттерди куугунтуктоо үчүн колдонулуп келатат.

Ошол эле жылы АКШ Лиге жана шаардын атвономиясына, демократиялык жараяндарга көлөккө түшүргөн, митинг катышуучуларын камакка алуу иштерине аралашкан башка саясатчыларга санкция салган.

Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Британиядан Кытайга кайтарылып берилген. Бирок эркиндиктер барган сайын чектелүүдө. Былтыр Гонконг прессанын эркиндиги жагынан дүйнөлүк рейтингде 80-орундан 148-сапка түштү.

Шаар каржылык ири борбор, ал жакта 7,5 миллион киши жашайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG