Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:43

31 жыл мурда кыргызстандыктар Эгемендикти кандай тоскон?


Эгемендикти белгилеп жаткан балдар.
Эгемендикти белгилеп жаткан балдар.

Кыргызстандын эгемендүүлүгү жарыяланган 1991-жылдын 31-августу кыргызстандыктар үчүн катардагы эле күн болчу. Күнүмдүк иши менен алек кыргызстандыктар эгемендүүлүк күн жөнүндө кабарды ар кандай шартта угушту. Айрымдары кандайдыр бир жаңылануунун, олуттуу өзгөрүүнүн эпкинин сезсе, айрымдар бейкапар эле.

Бул күнү Кыргызстандын легендарлуу парламенти «Көз карандысыздык жөнүндө» декларацияны кабыл алып, өзүн эгемен мамлекет деп жарыялаган. Бул тарыхый документти Жогорку Кеңештин төрагасы Медеткан Шеримкулов трибунадан окуган. Анын сөзү кыргызстандыктарга желдей тарады.

Макаланын аудио вариантын бул жерден угуңуз:

Кочкор районуна караштуу Ак-Жар айылынын орто мектебинин мугалимдери бул күнү алдыда келе жаткан окуу жылына камданып, бир күндөн кийин келчү Билим күнүн утурлай, мектептин тегерек-четин иреттеп жатышкан. Мугалимдердин арасында кыргыз тил жана адабияты мугалими Жумгалбек Көчөкбаев да бар болчу.

"Мугалимдер жамааты бир бактын түбүн иреттеп, жыйнап жатканбыз. Кабарды тарыхчы кесиптешибиз айтып келди. Кубанып, бири-бирибизди куттуктадык. Ушул жери эле эсимде калыптыр. Абдан кубандык. Анткени, Совет доорунда кыргыздар ким экенин билбей калган. Каада-салттарыбызды билбегендер көп эле. 70 жылдан кийин гана эгемендүүлүккө жетип, өзүбүздүн желегибиз, гербибиз – мамлекетке тиешелүүнүн баары пайда болуп, кубанычыбыз чексиз болду".

Ушундай эле майрамдык маанай Сокулук районундагы Белек айылында да өкүм сүрүп турду. Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын концертмейстери Чынара Алымкулова ал убакта 29 жашта болчу. Ал ошол айылдын маданият үйүндө иштеп турган. Айылдаштарынын ал күнкү маанайы анын эсинде күнү бүгүнкүдөй сакталып калган.

"Анда айылда кыргыз улуттук кийимдери жок деле болчу. Менин кыргыз көйнөгүм бар болчу. Комуз черткенди да билчүмүн. Майрамдайлы деп айыл өкмөттөр чогулду. Алдыдагы жашообуз кандай болот деп санааркап турдук, бирок жакшы тилек кылып, боз үй тигип жакшы майрамдадык. "Сен муну жаса, сен тигини жаса" деп бөлүшүп, ырдап, бийлей алгандарды топтоп, кары-жашы дебей бүт айыл чогулду. Сүйлөчүлөр сүйлөп, ырдагандар ырдап, айыл өкмөтү бир нерселерди түшүндүрүп берип жатты. Анан коңшу айылда да иш-чара болуп жатат деп кыргыз көйнөгүм, комузум менен алып жөнөштү. Кайненем "мунун жаш баласы бар" десе да болбой, "апа, ушундай майрам болуп атпайбы" дешип алып кетишкен".

Кыргызстандыктар өлкөнүн эгемендүүлүккө жеткенин жер-жерде майрамдап, ошол эле маалда келечеги кандай болорунан санааркап турган маалда ишкер Чынара Тынысова тун уулун, эгемендүү Кыргызстандын алгачкы муунунун өкүлүн жарыкка алып келиш үчүн төрөт үйүндө жаткан. Ошондон эки күндөн кийин туулган ымыркай быйыл 31 жашка чыкты.

"31-август кадимкидей эле күн болчу. Мен ошол күнү төрөт үйүнө бардым. Биринчи төрөт болгондуктан, ошого коркуп жатып эле дүйнөдөгү жаңылыктарга көп көңүл бурбай калгам. Уулумдун аты Нурсултан. Кайненем Нурсултан Назарбаевдин атынан койгон. Уулум үйлөндү, өзү да уулдуу болду, билим алды. Уулумдун көз карашы башкача, сергек, мага караганда сабырдуурак".

Кыргызстандын көз карандысыздыгын ар кандай жагдайда тосуп алган кыргызстандыктар бир ооздон алардын андагы ой-тилеги кийин акталбаганын айтышат. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарындагы каатчылык эмгек мигранттарынын биринчи агымын пайда кылды. Алардын арасында акын Толук Бек Байзак да болгон.

"Дал ошол 31-август күндү биз иште тостук. Ошол кездеги жапжаш акын досторум менен майрамдадык. Анткени, ошол жаркын эгемендикке жетүүгө аз да болсо салым кошуп калдык. Ал мезгил сонун күндөр эле. Ошондогу досторумдун көбү азыр жарык дүйнөдө жок. Алдыда бизди укмуш күндөр күтүп тургандай сезилет эле. Көчөдө мурдагыдай кысылбай, эркин басып калганбыз. Албетте, кыйын күндөр да башталган болчу. Экономикалык абал оор эле. Курсак кээде ач, кээде ток эле. Карточкалык система менен азык-түлүк алып калганыбыз да эсимде. Ошол кездеги менин бир айлыгыма бут кийим да ала алчу эмесмин. Бирок эгемен өлкөнүн эгемен жарандары элек. Анан оор күндөр башталды. Жашоо үчүн бирибиз Алтайга, бирибиз Каңгайга тентип кеттик. Бул эми башка кеп".

Бирок мекендештер кайда болбосун, кандай шарт болбосун, эгемен өлкөсү менен байланышын үзгөн жок. Өлкөсү көргөн кыйынчылыктарды алыста турса да, жон териси менен сезип, кайдигер карашпайт. Алыскы Түркияда миграцияда жүргөн акын Толук Бек Байзак кандай болгон күндө да эгемендикти сактоо керектигин, бул Кыргызстандын башкы дөөлөтү экенин ырга салган:

Эгемендик, эх кайран эгемендик,

Эркиндик деп кыйкырдык, чебелендик,

Ээсиз элди ээрчиткен эрен чыкпай,

Эчен жылдар дүйнөнү тегерендик.

***

Курсак дедик күнкорсуз түзүмүңдү,

Көрсөк дедик көлөкөң, үзүмүңдү,

Бирок чиркин "чөөлөрдөн" башкасынан,

Ким көрдү экен пайдаңы, үзүрүңдү.

***

Кан жолдордо кан кустук,куйкаландык,

Кас жоолорго туш болуп уйпаландык,

Кандарыбыз баш болуп саткын чыгып,

Канча жерди соодалап, сыйпаландык.

***

Эчен кылым жоголбой жеңе келдик,

Эзип жааган жамгырдай себелендик,

Эсен болгун Ата Журт койчусу жок,

Эсен болгун эсилим Эгемендик.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG