Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Горбачев аталар эңсеген Эгемендикке жол ачкан


Михаил Горбачев
Михаил Горбачев

Кайыр кош, советтик либерал могикан!

XXI кылымга зор тилек менен тынчтыкта кадам шилтөө үчүн жалпы адамзатта үмүт жандырган залкар инсандардын бири Михаил Горбачев 30-августта дүйнө салды.

Дүйнө коомчулугу Михаил Горбачевду "кансыз согушту" токтотууга жол ачкан, Берлин дубалын кыйратууга оң маанайда мамиле кылган, Борбордук жана Чыгыш Европадагы демократиячыл кыймылдарга каршы жазалоочу турумда аракеттерге барбаган, советтик аскерлерди Оогастандан чыгартып кеткен реформачыл жана кыйла либерал саясатчы катары урматтап келишти. Ал Нобелдик Тынчтык сыйлыгына да татыды.

Кыргызстандын 1991-жылы тынч жол менен эгемендикке биротоло жетишине Горбачев мырза 1985-жылы СССРде баштаган "Кайра куруулар" жүрүмү кыйла жагымдуу пайдубал жаратып бергенин мурдагы КДКнын мүчөсү жана тарыхчы катары баса белгилейм.

1991-жылдын 18-21-августундагы ГКЧПнын эскичил демилгечилеринин тилегинин таш кабышы, Орусияда демократиялык күчтөрдүн жеңишке жетиши Михаил Горбачевду ошол күндөрдөгү убактылуу туткун абалынан гана бошотпостон, КПССтин тоталитардык режимин жана СССРди биротоло кулатууга да жол ачкан.

Бул күрөшкө кыргызстандык демократтар да салым кошконун баса белгилөө керек.

Кыргызстан 31-августта Мамлекеттик көз каранды эместик күнүн белгилеп жатат. Дал ушул куттуу майрамдын быйылкы расмий майрамдалышынын ирегесинде Михаил Горбачев каза болуп отурат.

Ал эми ал өлгөн күн - 30-август - 1991-жылы "Ата Бейит" көрүстөнүнүн расмий ачылышынын күнүнө дал келди. Сталиндик режимдин курмандыктарынын бир тобунун сөөктөрүнүн 1991-жылы 30-августта Аламүдүн районуна караштуу Чоң-Таш кыштагынын түштүк тарабындагы тоо бетинде кайрадан арууланып түбөлүк жайга берилишинин окуясы да эгемендикти талап кылган кыргызстандык саясатчыларды шыктандырып, кубаттандырган.

“Тарыхыбызды тактасак, мамлекет чыңдалат”
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:41 0:00

Кыргызстандык депутаттар эртеси күнү Жогорку Кеңеште өлкөбүздүн мамлекеттик көз карандысызыгы тууралуу декларацияны кабыл алышкан.
Михаил Горбачев жалпы эл, жалпы адамзат үчүн жаңы башатты баштап берди. Балким, ал мурдагы СССРде "башкарылган демократияны" курууга майнапсыз аракет кылгандыр, бирок ал бир партиянын (КПССтин) партократтары тарабынан башкарылган тоталитардык режимди бошоңдотуп, эл демилгесин ойготуп бергендиги үчүн эле зор алкоого татыйт.

Элдик демилгелер горбачевдук түшүнүктөн алда канча кеңири деңгээлдеги демократиячыл иш-аракеттерди жүзөгө ашырды.
Албетте, Түркмөнстан сыяктуу кээ бир өлкөлөрдөгү мурдагы коммунист саясий төбөлдөр диктатуралык же авторитардык аралчаларды сактоого жетишкендиги да маалым.

Горбачёв - ыдыраган империянын акыркы лидери
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:39 0:00

1990-жылдан бери төрт элдик ыңкылапты баштан кечирген Кыргызстанда Михаил Горбачев жалпысынан терең кадырлоо менен бааланып келди. Эски тоталитардык түзүлүштү жана оторчулукту эңсеген азганактай топ гана аны каргап-шилеп жүрдү.

Эми Михаил Горбачевдун дүйнө салышы - советтик акыркы либерал коммунист могикандын арабыздан кеткени катары бааланса болот.

Залкар ишмердин арты кайырлуу болсун!
Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун

  • Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG