Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

МАГАТЭ: эксперттер Запорожье АЭСинде 3-сентябрга чейин болот


Рафаэль Гросси (ортодо).
Рафаэль Гросси (ортодо).

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) атайын миссиясынын эксперттери Запорожье атомдук станциясында 3-сентябрга чейин болот. Бул тууралуу МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси билдирди. Ал эксперттер барары менен эле “бир топ маанилүү маалымат топтоого” үлгүргөнүн айтты, бирок анын чоо-жайын тактаган жок. Ошондой эле МАГАТЭнин байкоочулары бул АЭСте такай болору тууралуу маселе чечилерин кошумчалады.

Гросси бул станцияда иштеп жаткан адамдардын эр жүрөктүүлүгүн дагы белгиледи.

"Интерфакс" агенттиги эксперттер АЭСте төрт сааттай болгонун жазды. Айрым бир маалыматтарга караганда, ал жакка барган тогуз машинанын бешөө атомдук станцияда калды.

МАГАТЭнин миссиясы барган күнү бул аймак аткыланганы тууралуу маалыматтар чыккан. Энергорадар шаарынын мэри Дмитрий Орлов буга байланыштуу орус аскерлерин күнөөлгөн. Аталган шаарга Москва дайындаган бийлик болсо дооматты четке кагып, чабуулдарга Киев жооптуу экенин билдирген.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы жумаларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG