Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы үч өткөрмө бекет 2-августта убактылуу жабыларын билдирди. Анда мындай тоскоолдук тышкы миграциянын эсебин алуу бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңылоого байланыштуу экени айтылат.
Ага ылайык, шейшембиде "Ак-Тилек Автожол" 11.00-13.00, "Кең-Булуң Автожол" 14-16.00, ал эми "Токмок Автожол" өткөрмө бекети 17.00-21.00 убакыт аралыгында жабык болот.
Чек ара кызматы жолоочуларды, айдоочуларды сапарларын кыска мөөнөткө жабылган жагдайды эске алуу менен уюштурууну өтүндү.
Дагы караңыз