Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Пакистанда селдин курмандыктары 1100дөн ашты


Пакистандагы айылдарды каптаган суу ташкындары.
Пакистандагы айылдарды каптаган суу ташкындары.

Пакистанда июндун башынан берки суу ташкындарынан өлгөндөрдүн саны 1136га жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Табият кырсыктары менен күрөшүү боюнча улуттук башкармалыгы (NDMA) бийлиги кабарлады.

Мекеме билдиргендей, соңку суткаларда эле 75 киши мерт болду. Алардын 13ү Синд провинциясында куткаруу учурунда кайык аңтарылып кетип, сууга чөгүп өлдү.

Расмий аткаминерлер бул жылкы суу ташкындарынын кесепети өлкөдөгү 33 миллион адамга – иш жүзүндө ар бир жетинчи пакистандыкка тийгенин маалымдады. Жалпы миллиондон ашык үй толук же жарым-жартылай жабыр тартты.

Пакистандын пландоо министри Ахсан Икбал Reuters агенттигине курган маегинде, “экономикалык жоготуулар” эбегейсиз экенин билдирди.

“Келтирилген зыяндын көлөмү өтө чоң. Баштапкы эле эсептөө чыгым 10 миллиард доллардан ашканын көрсөттү. Бирок көп райондорго али жете элекпиз. Чыгымдар мындан үч эсе ашыкча болушу мүмкүн”, – деди министр.

Бийлик мындан сырткары 1 миллион гектарга жакын эгин талаасы, 3 жарым миң чакырым жол, 150дөй көпүрө талкаланганын да кабарлашууда. Мунун баарын калыбына келтирүүгө беш жыл убакыт кетиши мүмкүн.

Премьер-министр Шехбаз Шариф эл аралык коомчулукка кайрылып, суу ташкындарын жеңүү үчүн жардам сурады. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Асим Ифтихар Бириккен Улуттар Уюму чукул жардам катары 160 миллион доллар берүүгө макул болгонун маалымдады. Мындан сырткары Түркиядан, Бириккен Араб Эмираттарынан, Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн гуманитардык жардам келди.

Жыл сайын катталчу бороон-чапкын мезгили (муссон) Пакистанда быйыл кыйла эрте башталды жана адаттагыдан катуу болду. Июндагы жаан-чачын бул өлкөдө акыркы 30 жылдан берки эң катуу деп бааланды. Ортодо бир сыйра токтогону менен ал июлда да, августта да кайрадан күчөп, айылдарды жана жолдорду кыян жууп кетти. 26-августта өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланган. (ErN)

XS
SM
MD
LG