Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:24

Иран: Ислам сакчылар корпусу Ирактын түндүгүнө сокку урду


Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү жикчилдерин базасына сокку урду.
Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ирактын түндүгүндөгү жикчилдерин базасына сокку урду.

Ирандагы Ислам революциясынын сакчылар корпусу 24-сентябрда коңшу Ирактын түндүгүндө жайгашкан согушкерлердин базасына сокку урганын мамлекеттик маалымат каражаттары жарыялады.

IRNA агенттиги кабарлагандай, Сакчылар корпусунун аскерлери Батыш Азербайжан провинциясынан туруп Ирактагы «террордук топтордун» базасын артиллерия менен аткылаган.

Ал эми Tasnim агенттиги соккулар Ирактын түндүгүндөгү күрт жикчил топторуна багытталганын кабарлады.

Маалыматта белгиленгендей, бул жикчил топтун Ирандагы соңку башаламандыктарды колдогонуна жана өлкөгө курал-жабдык алып кирүү аракетине каршы жооп чара катары кабыл алынган.

Иранда 22 жаштагы Махса Амини аттуу студент кыздын өлүмүнө байланышуу тутанган башаламандыктар бир аптадан бери уланып келет.

13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.

Амини туулуп-өскөн Курдистан провинциясында башталган толкундоолор ондогон шаарга жайылды.

Мамлекеттик маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, демонстранттар жана күч түзүмдөрүнөн кеминде 35 киши каза болду.

XS
SM
MD
LG