Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:12

Германия Сауд Арабия менен энергетикалык өнөктөштүктү тереңдеткиси келет


Германиянын канцлери Олаф Шольц Перс булуңунда сапарда.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Перс булуңунда сапарда.

24-сентябрда Германиянын канцлери Олаф Шольц Сауд Арабиянын ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман менен жолуккандан кийин эки өлкөнүн ортосундагы энергетикалык өнөктөштүктү тереңдеткиси келерин билдирди.

Москва Украинага кол салгандан бери Германия орус газына болгон көз карандылыктан кутулуунун жолун издеп келет.

Немис канцлери Перс булуңуна жасаган эки күндүк сапарынын маалында ханзаада менен сүйлөшүүдө адам укуктары тууралуу да сөз козгогонун билдирди.

Буга чейин бир катар немис саясатчылары Шольцту Салман менен жолугушууда талылуу маселелерди көтөрүүгө чакырган. Кабарчылар канцлерден Стамбулда табышмактуу жагдайда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжи тууралуу кеп болдубу деп сураганда, Шольц «баары айтылды» деп жооп берди.

Төрт жыл мурда Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугунда Хашогжинин өлтүрүлүшү эл аралык резонанс жаратып, падышалыктын жетекчилигине басымды күчөткөн. Американын чалгын кызматтары ханзаада журналистти өлтүрүү же кармоо боюнча операцияны жактырганын жарыялаган. Сауд Арабиянын жетекчилиги мындай айыптоону четке каккан.

Эр-Рияддан ары Шольц Абу-Дабиге барып, Бириккен Араб Эмираттарынын лидери, шейх Мухаммад бин Заид Аль Нахайянга жолугуп, энергетикалык макулдашууга кол коет. Андан ары Дохада Катардын эмири, шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен эки тараптуу жана аймактык маселелерди сүйлөшөт.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG