Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Баткен: 81 миңдей жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда


Эвакуация болгон баткендиктер. Сентябрь, 2022-жыл.
Эвакуация болгон баткендиктер. Сентябрь, 2022-жыл.

Баткендин чек арадагы каргашада үй-жайын таштап чыгууга аргасыз болгон тургундарынын айрымдары үйлөрүнө кайта баштаганын 25-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеме тараткан маалыматка караганда, эвакуация болгон 137 миңдей кишинин 80 миңден ашууну туруктуу жайгашкан жерлерине кайтууда.

"Жалпы облус боюнча 136 770 жаран эвакуацияланып, анын ичинен 48 652 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 3 414 жаран эвакуациялык пункттарда, 3 895 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. 80 809 жаран туруктуу жайгашкан жерлерине кайта баштады. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуацияланган".

Министрликтин маалыматы боюнча, Баткен облусуна 1 миң 435 тоннадан ашуун гуманитардык жардам жеткирилди. Анын ичинен 252 тоннаны ӨКМ жеткирсе, 1 миң 20 тоннаны жарандар өз күчү менен жеткиришкен. Учурда кампада 162 тонна гуманитардык жардам турат. Гуманитардык жардам чогултуу үчүн 126 пункт ачылган.

Быйыл 14-16-17-сентябрда чек арасындагы окуядан 62 кыргыз жараны курман болуп, эки жүзгө жакыны жараат алды.

Тажик тарап 41 жараны өлгөнүн билдирген. "Озоди" рдиосу өз булактарына таянып чек арада каза болгон 74 адамдын тизмесин чыгарды.

20-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында маалымат берип жатып президент Садыр Жапаров Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Тажик тарап окуя үчүн Кыргызстанды айыптоодо.

Каргашалуу окуя Баткендин Лейлек жана Баткен райондорунда жана Ош облусунун Чоң-Алай районунда катталды. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG