Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:12

Орус армиясы Украинанын түштүгүндө ракеталык соккуну улантты


Украинада талкаланган орус армиясынын танкы, 14-сентябрь, 2022-жыл.
Украинада талкаланган орус армиясынын танкы, 14-сентябрь, 2022-жыл.

Украинанын түштүгүндөгү 35 «калктуу конуш», аскердик жана жарандык жайлар соңку бир сутка ичинде орус армиясынын ондогон ракеталык соккуларына кабылган. Бул тууралуу украин аскерлери 25-сентябрдын таңында билдирди.

Бул маалда орус күчтөрүнүн карамагындагы Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтүп жатат. Мыйзамсыз добуш берүүнү Киев, Батыш мамлекеттери жана Улуттар Уюму тааныбай турганын билдирди.

Киев тарапткан маалыматка караганда, аталган облустардын тургундарына добуш берүү аяктаганча, 27-сентябрга чейин аймактан чыгууга тыюу салынган жана ошондой эле орус аскерлери үймө-үй кыдырып, жарандарды добуш берүүгө күчтөп жатышат.

Ал эми Орусияда президент Владимир Путин жарыялагандай, жарым-жартылай мобилизация жүрүүдө. Бул кадам Украинада орус күчтөрү чоң жоготууларга учурап, украин армиясы контрчабуулда өз аймактарын биринин артынан бирин кайтарып жаткан убакта жасалды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG