Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Ирандын президенти демонстранттарга "чечкиндүү чара" көрүүнү айтты


Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси.
Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси.

Ирандын президенти Сейид Ибрахим Раиси өкмөткө каршы өтүп жаткан демонстарциялардын тогузунчу күнүндө "өлкөнүн коопсуздугуна жана тынчтыгына каршы чыккандарга чечкиндүү чара көрүлүшү" керектигин билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын маалыматына караганда, демонстранттар жана күч түзүмдөрүнөн кеминде 35 киши каза болду. Буга чейин Ирандагы адам укуктарын коргоо борбору (ICHRI – Iran Center Human Rights) машстабдуу нааразылык акцияларында өлгөндөрдүн саны кеминде 36га жеткенин билдирген.

Иранда массалык каршылык акциясы 22 жаштагы студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин башталды. 13-сентябрда Тегеранда адеп-ахлак полициясы аны көчөдө хижабсыз жүргөнү үчүн деген негизде кармап кеткен. Амининин абакта каза болгону 16-сентябрда кабарланган. Полиция ал жүрөгү кармап көз жумганын маалымдаган, бирок күбөлөр анын катуу сабалганын айтып беришкен.

Раисинин комментарийи өткөн аптада бийликке каршы демонстрациялар учурунда каза болгон коопсуздук агентинин үй-бүлөсүнө телефон аркылуу көңүл айтуу учурунда берилген.

Эл аралык Amnesty International укук коргоо уюму 23-сентябрда билдирүү таратып, алар "Иран коопсуздук күчтөрүнүн демонстранттарга карата атайылап жана мыйзамсыз ок атуучу үрөй учурарлык тажрыйбасын" көрсөткөн далилдерди чогултканын билдирди. Билдирүүдө 21-сентябрга караган түнү эле коопсуздук күчтөрүнүн ок атууларынан кеминде 19 адам, анын ичинде үч бала набыт болгону айтылган.

Амининин укук коргоочулук ишмердүүлүгүнө тилектештигин билдирген кыз-келиндер чачын кескен, жоолугун чечкен видеолорун Интернеттеги социалдык түйүндөргө жайгаштырып жатышат.

Байкоочулар акыркы убактарда Иранда эскичил режимге каршы чыккандарды репрессиялоо күчөгөнүн белги.

Дүйнө коомчулугуна массалык кармоолор тууралуу маалыматтар тарап жатат. Гуйлан провинциясынын полиция башчысы 24-сентябрда өзүнүн аймагында эле "башаламандыктын катышуучусу" делип 739 киши, анын ичинде 60 аял кармалганын билдирген. Бул тууралуу Tasnim агенттиги жазды. Ошондой эле күч түзүмдөрү активисттерди жана журналисттерди кармаган. Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) өткөн аптада 17 журналист жана байкоочу кармалганын жазды. Алардын арасында Амини каза болгон ооруканадан репортаж жасаган Shargh гезитинин журналисти Нилуфар Хамиди дагы бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG