Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:00

Кореядагы кыргыздар чек арадагы окуяга байланыштуу тынчтык акциясына чыгышты


Түштүк Кореянын борбору Сеулда жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуяга байланыштуу 25-сентябрда тынчтык акциясын өткөрүштү. Социалдык тармактарга коюлган видеолорго караганда, акцияга 20 чакты киши катышкан. Алар "Баткен, биз сиз менен!", "Баткенге тынчтык!" деп кыйкырып, согушка каршы экенин билдиришти.

Сеулдагы кыргызстандыктар ушундай эле өңүттөгү акцияны 22-сентябрда дагы өткөрүшкөн.

Ушундай эле тынчтык акциялары буга чейин Европанын бир катар шаарларында өттү. Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз каранды эмес булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG