Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:41

ЖМК: Орусия басып алган аймактардагы элди согушка мажбурлоодо


Украинада талкаланган орус армиясынын танкы. 14-сентябрь, 2022-жыл.
Украинада талкаланган орус армиясынын танкы. 14-сентябрь, 2022-жыл.

Орусия Украинадагы басып алган аймактардагы эркектерди украин куралдуу күчтөрүнө каршы согушууга мажбурлап жатканын "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Анда 25-сентябрда Крымдан 1200 аскер Украинага жиберилгенин аннексияланган аймактын Москва дайындаган башчысы Сергей Аксенов билдирип, аларды "ыктыярчылар" деп айтты. Ал Крымдан дагы эки батальон "ыктыярчы" даярдалып жатканын айтты.

Аксеновдун билдиришинче, аскерлер Орусиянын президенти Владимир Путиндин "жарым-жартылай мобилизация" жарлыгына ылайык жөнөтүлүп жатат.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялап алган. БУУ аны таануудан баш тартып, Крымды Украинанын аймагы деп тапкан.

New York Times гезити Херсон жана Запорожьедеги 18-35 жаш эркектерди аймактан чыкпоо жана аскер комиссариаттарына келүү талабы коюлганын 25-сентябрда жазды. Гезиттин булактары көптөгөн адамдар жашырынып же качып кетип жатышканын айтышкан.

Ушул тапта орус күчтөрүнүн карамагындагы Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарында Орусияга кошулуу тууралуу референдум өтүп жатат. Мыйзамсыз добуш берүүнү Киев, Батыш мамлекеттери жана Улуттар Уюму тааныбай турганын билдирди.

Киев тараткан маалыматка караганда, аталган облустардын тургундарына добуш берүү аяктаганча, 27-сентябрга чейин аймактан чыгууга тыюу салынган жана ошондой эле орус аскерлери үймө-үй кыдырып, жарандарды добуш берүүгө күчтөп жатышат.

XS
SM
MD
LG