Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

Бишкекке иш сапары менен өзбек премьер-министри Арипов келди


Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов. "Манас" аэропорту. 2022-жылдын 26-сентябры.
Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөт башчылары Акылбек Жапаров жана Абдулла Арипов. "Манас" аэропорту. 2022-жылдын 26-сентябры.

Бүгүн 26-сентябрда Бишкекке иш сапары менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди. Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, иш сапары алкагында кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча өкмөттүк делегациялардын биргелешкен жыйыны өтөт.

Абдулла Арипов менен президент Садыр Жапаров да жолугушат.

Өзбек премьер-министри быйыл апрель айында Ошто иш сапары менен болуп, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек аралаш аймак башчыларынын жыйынына катышкан. Жыйынтыгында ортодогу товар жүгүртүү көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча ишти улантуу тууралуу протокол кабыл алынган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде чек ара сызыгынын 1170 чакырымы (85%), андан бери 13% жакыны такталганы 2021-жылдын февралында расмий айтылган. Президент Садыр Жапаров 2021-жылы март айында Ташкентке алгачкы мамлекеттик сапар менен барганда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган 22 документке кол коюлган. Президенттер ортодогу мамлекеттик чек ара маселесин эң кеч дегенде үч айда чечерин айтышкан.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG