Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

ӨКМ Баткенде үй-жайына кайткандар саны 100 миңге чамалаганын билдирди


16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөр. Баткен району, Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.
16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөр. Баткен району, Достук айылы. Сентябрь, 2022-жыл.

26-сентябрга карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам коопсуз жакка убактылуу чыгып кеткен 92 521 адам өзүнүн үй-жайына кайтты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунда 136 770 жаран эвакуацияланган. Анын ичинен 36 242 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө жайгашкан, 4 207 адам атайын уюштурулган эвакуациялык жайларда турушат. Алардан тышкары 3 800 жаран башка облустарга туугандарынын үйлөрүнө чыгып кеткен. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 адам коопсуз жайга эвакуацияланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырдаалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо иштерин улантууда. Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жалпы 622 үй жабыркаган болсо анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп түзөөгө муктаж экени аныкталды. Ошондой эле 11 административдик, стратегиялык объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП 323 сарай, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG