Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:57

АКШ Орусияга өзөктүк куралдын кесепети оор болорун эскертти


Жейк Салливан.
Жейк Салливан.

АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан эгер Орусия Украинага каршы өзөктүк курал колдонсо, расмий Москва үчүн мунун кесепети "катастрофалык" болорун эскертти. "Америка авазы" радиосу маалымдагандай, жекшембидеги билдирүүсүндө Вашингтон Москванын мындай кадамына "чечкиндүү жооп берерин" айткан. АКШ өз эскертүүсүн расмий Москвага жолдогонун белгилеген.

Өткөн шаршембиде АКШ президенти Жо Байден Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сөз сүйлөп жатып, "Путин Европаны ачыктан-ачык өзөктүк курал менен коркутуп жатканын" билдирген. "Орусия БУУнун уставдарынын негизин бузду”, – деп айыптаган Байден.

The Washington Post басылмасы өз булактарына таянып, "Вашингтон акыркы мезгилдерде Москвага мындай эскертүүлөрдүн бир нечесин жибергенин" жазды.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков жума күнү Москва башка өлкөлөрдү өзөктүк курал менен коркутпаганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG