Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:52

Викрам Рузахунов Алматыга тергөөгө чакырылды


Викрам Рузахунов.
Викрам Рузахунов.

Кыргызстандык музыкант, Казакстандагы Январь окуяларында сабалган Викрам Рузахунов жабырлануучу катары Алматыга тергөөгө чакырылды. Музыкант Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын чакырылып, адвокаты Бакыт Автандил менен чогуу барганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Менин ишим боюнча 10-февралда эле кылмыш иши козголгон. Бирок кыйноого катышы бар бир да адам табыла элек. Сегиз ай ичинде бийлик массалык кыйноолор боюнча обьективдүү иликтөө иштерин жүргүзгөн жок. Алар жабырлануучулар көрсөткөн күч кызматкерлерин шектүү деп тааныгылары келбейт. Кыйноонун далилдери жок кылынган, адвокаттарга жана жабырлануучуларга көрсөтүлгөн жок," -деп жазды Рузахунов.


Музыкант өзүн ур-токмокко алган күч кызматкерлерин, аларды тыйбаган тергөөчүлөрдү да жоопко тартуу керек деп эсептейт.

Июль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырып, маалымат алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланган. Анда 2022-жылдын 10-февралынан тартып Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") музыкантты кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон. 19-февралда тергөө Рузахуновду жабырлануучу деп тааныган.

Быйыл январда Казакстандагы нааразычылык акциялары маалында Викрам Рузахунов Кыргызстанга келаткан маалда коңшу өлкөнүн күч органдары тарабынан кармалып, сабалган. Анын видео кайрылуусу чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жаракат алганын тастыкташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG