Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:36

Вашингтон: мобилизациядан качкан орусиялыктар АКШдан баш паанек ала алат


Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер.
Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер.

Орусияда президент Владимир Путин жарыялаган мобилизациядан качып, негизсиз согушка катышкысы келбегендер АКШдан башпаанек алуу өтүнүчү менен кайрылса болот.

Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Карин Жан-Пьер 27-сентябрда билдирди.

"Биз Орусиядагы көчө каршылыктарына көз салып жатабыз жана жарандар петицияларга кол коюп, Путин баштаган согушту алар колдобой турганы тууралуу бизге так белги берип жатышат. Орусияда Путиндин согушуна катышкысы келбеген, ал үчүн жанын берүүгө даяр эмес адамдар бар", - деди Жан-Пьер.

Анын айтымында, Американын бийлиги "башпаанек издегендердин баарын" кубаттайт. Ошол эле маалда Жан-Пьер ар бир өтүнүч өз алдынча тыкыр караларын тактады.

Буга чейин ушуга окшош өңдүү билдирүүнү Германиянын бийлиги да жасаган. Расмий Берлин башпаанек алуу өтүнүчү менен «орус армиясынан качкандар» жана «Путиндин режимине каршылар» кайрыла аларын белгилеген.

Мобилизацияга каршыларга башпаанек берүү тууралуу расмий чечим чыгарыла элек. Латвия, Чехия, Финляндия сыяктуу Евробиримдикке мүчө айрым мамлекеттер мобилизациядан качкан орусиялыктарга виза берүүдөн баш тарткан.

Орусияда мобилизация 21-сентябрда жарыяланган. Буга каршы чыккан он миңдеген орусиялыктар өлкөдөн чыгып кетүү аракетин көрүп жатышат. Согушка аралашууну каалабаган жүздөгөн адамдар көчөлөргө каршылык акцияларына чыгышты. Аларды тартип коргоочулар күч менен таркатып, 3 миңден ашуун адам кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG