Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Орусия басып алган аймактардагы жасалма референдумдун жыйынтыгы чыкты


Донецктидеги добуш берүү.
Донецктидеги добуш берүү.

Украинанын орус аскерлери көзөмөлдөгөн облустарында Орусияга кошулуу тууралуу жасалма референдумдардын баштапкы жыйынтыгы жарыяланды. Аймактагы Москва дайындаган жетекчилердин билдиришинче, Донецкте добуш бергендердин 99,23% Орусиянын курамына кирүүнү колдоду. Ал эми бул көрсөткүч Луганскта 98,42, Херсондо 87,05% жана Запорожьеде 93,11% түздү.

Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев добуш берүү аяктаганга саналуу сааттар калганда Телеграм-каналына “Референдум аяктады. Жыйынтыгы анык. Орусияга, мекенге кош келдиңер!”,-деп жазды.

Украинанын бийлиги жана Батыш өлкөлөрү бул добуш берүүнү тааныбай турганын билдиришкен.

Европа Биримдиги Украинадагы орус армиясынын жарым-жартылай көзөмөлдөгөн аймактарда Орусияга кошулуу тууралуу жалган референдумду уюштургандарга санкция салууну караштырууда.

"Мыйзамсыз, легитимсиз референдумдарга катышкандардын баарына кесепеттери оор болот", - деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчисинин маалымат катчысы Питер Стано.

Британия буга чейин эл аралык коомчулук тааныбаган добуш берүүнү уюштурууга тиешеси бар 92 кишини "кара тизмеге" киргизген.

Оккупацияланган украин облустарын Орусияга кошуу маселеси Федерация кеңеши 4-октябрда караганы жатат. Мындан улам Москва жакынкы күндөрү бул аймактарды өзүнүн бөлүгү катары жарыялап, агрессиясын күчөтүшү мүмкүн экени айтылган.

Украинанын аймагындагы согуштук аракеттерге жети айдан ашты. Орусиянын бийлиги өз армиясынын жоготуулары 24-февралдан бери 6 миңдей экенин билдирсе, Украинанын бийлиги орус тараптын 58 миңдей аскерин жок кылганын кабарлады. Ал эми Киев өзүнүн курман болгон аскерлеринин санын 9 миң десе, Москва 60 миңдей украин аскерин кырып салганын билдирүүдө.

Бул маалыматтарды согуш учурунда тактоого мүмкүн болбой турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG