Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Сузак: Өспүрүм кызга үйлөнгөн милиционердин жана нике кыйган имамдын иши сотто каралууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сузакта өспүрүм кызга үйлөнгөн милиция кызматкери иштен алынып, никесин кыйган имамга, кыздын апасына жана милиционердин өзүнө айып тагылып жатканын 28-сентябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин 175-беренесинин (“Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу”) негизинде иш козгоп, натыйжада айып үч адамга тагылган.

Иш тергелип бүтүп, ушу тапта Сузак райондук сотунда каралууда.

Маалыматта айтылгандай, окуя 2021-жылдын 20-декабрында болгон. Сузактын райондук милицияда иштеген 27 жаштагы тургуну Базар-Коргон районунан 16 жаштагы кызга үйлөнүп, никесин Акман айылынын имамы кыйып берген.

2016-жылы Кыргызстанда кабыл алынган мыйзамда 18 жашка жете электерге нике кыюуга тыюу салынып, үч жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мыйзам боюнча никеге уруксат берген кыздын ата-энеси дагы, нике кыйган имам дагы сот жообуна тартылат. Бирок ошого карабастан жашы жете элек кыздарды турмушка берген учурлар бар. Маселен, ЮНИСЕФтин 2018-жылдагы маалыматтарында Кыргызстанда 20-49 жаштагы аялдардын 12,7 пайызы 18 жашка чейин турмушка чыкканы айтылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG