Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:53

Депутат Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколдорду жокко чыгарууну сунуш кылды


Султанбай Айжигитов.
Султанбай Айжигитов.

Жогорку Кеңештин "Ыйман Нуру" фракциясынан депутат Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган протоколдорду жокко чыгаруу керек деп эсептейт.

Мындай пикирин ал бүгүн 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутат соңку жылдардагы протоколдор тажик тараптын басымы жана коркутуулары менен кабыл алынганын, алар тынчтыкка алып келбей турганын жана ишке ашса, Кыргызстан үчүн стратегиялык жактан өтө маанилүү тилкелердин тажик тарапка өтүп кетүү коркунучу да күчөшү мүмкүн экенин айтты:

“Аскердик агрессия менен ачыктан ачык коркутуу. 39-протоколго да, 42-протоколго да кол коюу мажбурлоо алдында болгон. Аскердик агрессия жана кадимки кеңири согуш коркунучу менен койдурду. Агрессиясын дүйнө алдында ачык эле айтып жатат. Ошондуктан мен алардын бул протоколдорду шылтоо кылып, чагым жасап жатышканын териштирели, комиссия түзүп, системага салалы жана ал протоколдорду толук бойдон жокко чыгарып салышыбыз керек деп сунуш кылам. Себеби аларга кол коюлганы менен эч кандай процедуралык жолду өткөн эмес, ратификация болгон эмес”.

Айжигитов Кыргызстан тарапка агрессия кылууга шылтоо болуп жаткан протоколдор онго жакын экенин кошумчалады.

25-сентябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын Коопсуздук кызматынын башчысы Саймумин Ятимов эки тараптан чек арадагы төрттөн постту алууну макулдашкан.

Ташиев чек арадагы постторду алуу чыр-чатактарды болтурбоо максатын көздөй турганын, ал өлкө коопсуздугуна эч кандай коркунуч туудурбай турганын билдирген.

Кыргызстан куралдуу кагылыштан 62 жаранынан айрылды, алардын 50гө жакыны аскер кызматкери экени айтылууда. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG