Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Баткенде тургундар чек ара маселесине байланыштуу бүгүн да чогулууда


Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына чогулуп жаткандар. 2022-жылдын 28-сентябры.
Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына чогулуп жаткандар. 2022-жылдын 28-сентябры.

Баткенде кыргыз-тажик чек ара маселесине байланыштуу жергиликтүү тургундар бүгүн 28-сентябрда да шаар борборуна чогулууда.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрынын алдына эртең мененки саат 10го карата 100дөн ашуун киши топтолду.

Театрдын ичинде бийлик өкүлдөрү менен жолугушуу өтөрү айтылууда.

Кечээ 27-сентябрда Баткен облустук администрациясынын алдында да адамдар чогулуп, кыргыз-тажик чек арасы боюнча кабыл алынган соңку чечимдер жөнүндө түшүндүрмө сурашкан.

Акцияга Ак-Сай, Самаркандек жана чек ара тилкесинде жайгашкан башка да айылдардын тургундары катышып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин тажик тарап менен кол коюлган протокол тууралуу маалымат берүүсүн талап кылышкан.

25-сентябрда Ташиев менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимовдун жолугушуусунун жыйынтыгында протокол кабыл алынган. Анын негизинде эки тараптан төрттөн бекет алынмай болгону кабарланган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле мазмунда Бишкекти айыптаган билдирүү жарыялаган. Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (AiB/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG