Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Мадумаров Ташиевдин ЖКга эки жашик курал алып келгенин сындады


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын төрагасы, депутаты Адахан Мадумаров Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев парламентке курал алып келгенин айыптады. Ал буга байланыштуу төрагага кайрылып, анын аракетине укуктук баа берилиши керектигин айтты. Мадумаров учурда кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу коомчулукта күдүк ойлор айтылып жатканына токтолду.

"Азыр "Кемпир-Абад кетти" деген сөздөр катуу кетип жатат. Биз өткөндө эле ошол жердеги "беш айыл өкмөттүн тургундары менен жолукмайынча бул маселени токтотуп турсаңар" деп сунуш бердик эле. Макул болгон, ошондо президент дагы, өкмөт дагы отурган. Ошондуктан биз мыйзамдарды кабыл алууну токтотуп турсак. Өлкөдө эле эмес, биздин Жогорку Кеңештин ичиндеги кырдаал жеңил эмес. Коопсуздук кызматынын жетекчиси (Камчыбек Ташиев - ред.) эки жашик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгени - өтө чектен чыккан жапайычылык. Биз мыйзам чыгаруу органы катары ар бир кыймыл-аракеттин мыйзамдуулугуна сөзсүз түрдө баа беришибиз керек. Ага баа бере албасак анда Жогорку Кеңеш өз ишин аткара албады деп билишибиз керек. Ушул маселелерди күн тартибине киргизип, чекит коюп туруп мыйзамдарды карасак максатка ылайык болот".

УКМКнын басма сөз кызматы жана Ташиевдин өзү буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Парламент 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну жабык караган. Айрым ишенимдүү булактардын билдиришинче, анда Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырып, депутаттарга курал дагы тараткан. Ал жыйында кайым айтышуу да орун алган. Спикер Талант Мамытов ошол жерден кызматын вице-спикер Жамиля Исаевага убактылуу өткөрүп берерин билдирген жана төрага баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен.

Парламенттин басма сөз кызматы Мамытов кызматына ушул аптадан тарта кайра кайтканын билдирген.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG