Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

"Түндүк агым" куурунда авария болуп, деңизге газ төгүлдү


Деңизге газ чыгып жаткан жер. Дания. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Деңизге газ чыгып жаткан жер. Дания. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Швеция менен Даниянын сейсмологдору "Түндүк агым" газ куурунда авария болгон жерде жардыруулар орун алганын каттады. Маалыматты Германия да ырастады.

Швециянын Улуттук сейсмология борборунун адиси Бьорн Лунд 27-сентябрда "жардыруу болгону шексиз" деп билдирди.

26-сентябрдын кечинде "Түндүк агым-2" жана "Түндүк агым-1" газ куурларында авария болгону аныкталган. Көп өтпөй Борнхольм аралынын жанында үч куурдан тең Балтика деңизине газ куюлганы маалым болгон.

Бул окуя энергетикалык кризис күчөп жаткан маалда атайлап жасалышы мүмкүн деген ойлорду пайда кылды.

Москва Европага "Түндүк агым-1" газ кууру аркылуу көгүлтүр от экспорттоону кыскартып, кийин такыр токтотуп салган. "Түндүк агым-2" куурунун курулушу жакында эле аяктаганы менен Германия бул түтүк аркылуу газ импорттоо планын токтотуп койгон. Толук кандуу иштебесе дагы эки куурда тең газ бар болчу.

Газ куурларын иштеткен Nord Stream AG компаниясы 27-сентябрда билдиргендей, система кайра качан калыбына келери белгисиз.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков 27-сентябрда бул диверсия болушу ыктымал экенин кыйытты.

Учурда Евробиримдикте энергетикалык кризис курчуп турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG