Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

ЕБ Украинадагы жасалма референдумдан улам санкция салууну караштырууда


Донецкидеги жасалма референдумда добуш берип аткан жаран. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Донецкидеги жасалма референдумда добуш берип аткан жаран. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Евробиримдик Украинадагы орус армиясынын жарым-жартылай көзөмөлдөгөн аймактарда Орусияга кошулуу тууралуу жалган референдумду уюштургандарга санкция салууну караштырууда.

"Мыйзамсыз, легитимсиз референдумдарга катышкандардын баарына кесепеттери оор болот", - деди Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча жетекчисинин маалымат катчысы Питер Стано.

Британия буга чейин эл аралык коомчулук тааныбаган добуш берүүнү уюштурууга тиешеси бар 92 кишини "кара тизмеге" киргизген.

27-сентябрь - Украинанын Москва жарым-жартылай көзөмөлдөгөн аймактарында Орусияга кошулуу боюнча жасалма референдумдун акыркы күнү.

Киев жана Батыш мамлекеттери добуш берүүнү мыйзамсыз деп айыптап, ал Улуттар Уюмунун уставына каршы келерин билдиришкен.

Украина жасалма референдумга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва көзөмөлдөгөн администрациялары уюштурган мыйзамсыз добуш берүү 23-сентябрда башталган.

Украинанын расмий бийлиги аталган аймактарда адамдарды мажбурлап добуш бердиртип, коркутуп, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, добуш берүү аяктаганча башка аймактарга чыгууга тыюу салып жатышканын билдирүүдө.

Британиянын Коргоо министрлиги 27-сентябрда билдиргендей, Владимир Путин Украинанын төрт аймагын Орусиянын бир бөлүгү катары 30-сентябрда парламентте жарыялашы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG