Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

Токаев эмиграцияга байланыштуу Орусия менен сүйлөшө турганын айтты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 27-сентябрь, 2022-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев. 27-сентябрь, 2022-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев орусиялыктардын агымы тууралуу Москва менен сүйлөшөт. Бул тууралуу ал Түркстан облусуна жасаган сапары маалында айтты.

«Соңку күндөрү бизге Орусиядан келген адамдардын саны көбөйдү. Алардын көбү мекениндеги кырдаалдан улам кетүүгө аргасыз. Биз аларга кам көрүп, коопсуздугун камсыздашыбыз керек. Бул саясий жана гуманитардык маселе. Мен өкмөткө тийиштүү чара көрүүнү тапшырдым», - деди Токаев.

Ал ошондой эле «келгиндерге жардам берилерин, бирок эч кандай артыкчылык берилбестигин» кошумчалады.

26-cентябрда Казакстандын премьер-министри өкмөткө орусиялыктарга каттоого турууда жана иш табууда жардам берүүнү тапшырган.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында казак-орус чек арасында автоунаалардын бир нече чакырымга созулган кезеги пайда болду.

Айрым орусиялык маалымат каражаттары жазгандай, буйрук чыкканы 260 миңден көп киши Орусиядан чыгып кетти. Ал эми Казакстандын Ички иштер министрлиги 21-сентябрдан бери өлкөгө Орусиянын 98 миң жараны киргенин билдирди.

Казакстандын Миграциялык комитетинин жетекчисинин милдетин аткаруучу Аслан Аталыков 26-сентябрда билдиргендей, кирген орусиялыктардын 40 миңдейи башка мамлекеттерге, негизинен коңшу Өзбекстан менен Кыргызстанга чыгып кетишти.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга каршылык акциялары уланууда. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти. ОВД-Инфо укук коргоо тобу билдиргендей, 26-сентябрга карата 2386 киши кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG