Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Украинанын аймактарында жасалма референдумдун акыркы күнү өтүп жатат


Украинанын Мелитополь шаарындагы "референдумга" байланыштуу көрнөк-жарнактар.
Украинанын Мелитополь шаарындагы "референдумга" байланыштуу көрнөк-жарнактар.

27-сентябрь - Украинанын Москва жарым-жартылай көзөмөлдөгөн аймактарында Орусияга кошулуу боюнча эл аралык коомчулук тааныбаган референдумдун акыркы күнү.

Киев жана Батыш мамлекеттери добуш берүүнү мыйзамсыз деп айыптап, ал Улуттар Уюмунун уставына каршы келерин билдиришкен.

Украина жасалма референдумга байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүгө чакырды.

Луганск, Донецк, Херсон жана Запорожье облустарынын Москва көзөмөлдөгөн администрациялары уюштурган мыйзамсыз добуш берүү 23-сентябрда башталган.

Украинанын расмий бийлиги аталган аймактарда адамдарды мажбурлап добуш бердиртип, коркутуп, үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, добуш берүү аяктаганча башка аймактарга чыгууга тыюу салып жатышканын билдирүүдө.

Британиянын Коргоо министрлиги 27-сентябрда билдиргендей, Путин Украинанын төрт аймагын Орусиянын бир бөлүгү катары 30-сентябрда парламентте жарыялашы мүмкүн.

Британ өкмөтү 26-сентябрда добуш берүүгө байланыштуу 92 орусиялык жаранга жана компанияга санкция салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG