Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:52

Камактагы активист Ырыс Жекшеналиев Кардиология борборуна жеткирилди


Ырыс Жекшеналиев. 2022-жылдын августунда тартыган сүрөт.
Ырыс Жекшеналиев. 2022-жылдын августунда тартыган сүрөт.

Камакта жаткан активист Ырыс Жекшеналиевдин жүрөгүн тешкертүү үчүн бүгүн 27-сентябрда Улуттук кардиология жана терапия борборуна алып барышты. Бул тууралуу маалыматты «Азаттыкка» анын адвокаты Кантемир Турдалиев тастыктады:

«Мен өткөндө өтүнүч келтиргем. «ЮРФАдан» текшерүүдөн өткөрүшкөндө кардиологдун консультациясы керек, Эхокардиографиядан өтсүн деп айтышкан. Ошону ишке ашыруу тууралуу өтүнүч келтиргем».

Активист Эрлан Бекчоро уулу Жекшеналиевди оорукананын кардиология бөлүмүнө алып барышканын, анын жүрөгү мурда да ооруп жүргөнүн, азыр абалы начар экенин, тарапкерлери аны текшертип гана койбостон, ошол жерге жаткырып, дарылоону талап кылып жатышканын «Азаттыкка» айтып берди.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон. Сот чечими менен ал 14-октябрга чейин камалган.

Бишкектеги №1 Тергөө абагында отурган активист эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу 22-сентябрда «ЮРФА» клиникасынан текшерүүдөн өткөрүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG