Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Бишкекте быйыл кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынды


Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдорун оңдоонун биринчи фазасы 2016-жылы башталган.
Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдорун оңдоонун биринчи фазасы 2016-жылы башталган.

Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт департаментинин башчысы Максат Нусубалиев 27-сентябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анда долбоордун экинчи фазасы 30-октябрга чейин аяктарын айтты.

"Кытай грантынын эсебинен каржыланган долбоордун экинчи фазасы жүрүп жатат. Ага ылайык, быйыл 70 чакырым жол салынып жатат жана бул иштер 30-октбярга чейин толугу менен аяктайт. Эмдиги жылдан тартып долбоордун үчүнчү фазасына өтөбүз. Анда шаарда беш айланма жол курабыз. Азыркы учурда биздин адистер кытай тарап менен макулдашып жатат. Иштер марттан тарта башталат. Долбоордун жалпы суммасы бир миллиард юань болгон, бул акча толугу менен грант. Быйыл салынган жолдун 65% жаңы конуштарга туура келет. Кытай грантынан сырткары жылына мэриядан жылына 500-600 миллион сом акча бөлүнөт, ага жылына 30-40 чакырым жол салынат",-деди Нусубалиев.

Кытай грантынын эсебинен Бишкектин жолдорун оңдоонун биринчи фазасы 2016-жылы башталган жана алгачкы айлампада жалпы узундугу 95 чакырымды түзгөн 49 көчө, 180 чакырым тротуар салынып, ирригациялык система жаңыртылган. Ошондой эле алты көпүрө жана бир эстакадалык көпүрө курулган.

Кытай грантынын эсебинен көчөлөрдү оңдоону кытайлык компания ишке ашырат.

Былтыр күзүндө мэрия жол курууга бөлүнгөн дээрлик бир миллиард сомго жакын акчанын дайынын таппай жатканы белгилүү болгон. Буга байланыштуу "Азаттык" "Жолдон жоголгон 934 миллион сом" деген иликтөөсүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG