Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Владимир Путин Эдвард Сноуденге орус жарандыгын берди


Эдвард Сноуден.
Эдвард Сноуден.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигинин мурдагы кызматкери Эдвард Сноуденге орус жарандыгын берди. Мындай буйрук нормативдик актылар порталына жарыяланды. Сноуден 2020-жылы ноябрда орус жарандыгын алуу тууралуу арыз жазганын билдирген.

Америкалык атайын кызматтын келишим менен иштеген мурдагы кызматкери Сноуден 2013-жылдын июнунун башында Guardian жана Washington Post басылмаларына АКШнын мекемесинин эл аралык чөйрөдөгү тыңшоолору тууралуу жашыруун маалыматтарды жиберген.

АКШ менен Улуу Британиянын купуя маалыматтары Интернетке жарыяланып кеткен соң, ал оболу АКШдан Гонконгго качып өтүп, андан соң Орусиядан убактылуу башпаанек тапкан. 2020-жылдын октябрынан тартып ал Орусияда чексиз мөөнөттө жашай берүүгө мүмкүн кылган визага ээ болгон. Сноуден Франциядан да башпаанек сураган.

Ага Кошмо Штаттарда тыңчылык боюнча айып коюлган. Мындай айыптар менен Сноуден АКШда 30 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Сноудендин жашыруун делген малыматтарды ачыкташы менен дүйнө жүзүндө жекече купуя сырды сактоо менен мамлекеттик коопсуздукту сактоонун ортосундагы тең салмактуулук жана канчалык деңгээлде мамлекет өз жарандарын тымызын көзөмөлгө алышы керектиги тууралуу кызуу талаш-тартыш жүргөн.

Сноуденди колдогондор аны айкындуулук үчүн күрөшкер деп санашып, ал түгүл Махатма Гандиге теңегенге чейин барышса, жектегендер болсо аны "чыккынчы" деп айыптап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG