Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Баткенде дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси парламентте көтөрүлдү


Баткен. Ак-Сай айылы. 2022-жылдын 20-сентябры.
Баткен. Ак-Сай айылы. 2022-жылдын 20-сентябры.

Баткендеги соңку окуядан кийин дайынсыз болуп жаткан жоокердин маселеси бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинде көтөрүлдү. Депутат Дастанбек Жумабеков ал жоокер Талас облусунун Кара-Буура районунун тургуну экенин айтты:

“Ата-энеси аябай сарсанаа болуп, кайгырып, күтүп жатат. Ушул боюнча эмне иш жүрүп жатат, эмне болуп жатат, күч органдары жыйынтык маалымат берип койсо...”, - деди ал.

Бул маселе боюнча комитеттин атынан протоколдук тапшырма берилмей болду.

21 жаштагы Дастан Анарбеков Аскер институтун аяктап, Баткен облусуна жөнөтүлгөн. Ал 17-сентябрдан бери дайынсыз болуп жатат. Буга чейин жоокердин жакындары жардам сурап президентке жана УКМКга кайрылышкан.

Баткен: “Кара кагазы” келип, сөөгү жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:41 0:00

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргыз бийлиги кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылганын билдирген. Алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG