Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

Кыргызстандын Чек ара кызматы миномет атылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү


Чек арадагы куралдуу кармашта атылган октор.
Чек арадагы куралдуу кармашта атылган октор.

26-сентябрда Тажикстандын Сомониён айылына кыргыз тараптан миномет атылганы тууралуу маалыматты Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы төгүндөдү.

Мекеме чек арада абал туруктуу экенин маалымдап, маалымат каражаттарына чыккан кабарды четке какты.

"Ozodi.org сайтында жарыяланган маалыматты Тажикстандын Исфара аймагы боюнча чек ара өкүлдөрү жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү тастыктаган жок. Маалым болгондой, тажик жараны чек арага жакын жерде тажик аскер кызматкерлери орноткон жарылуучу заттарга жарылып каза болгон. КРнын Чек ара кызматы жалпыга маалымдоо каражаттарын мындай жалган жана негизсиз билдирүүлөр менен коомчулукту жана эки өлкөнүн чек ара аймактарынын тургундарын адаштырбоого чакырат", - деп жазылган анда.

26-сентябрда "Озоди" радиосу Исфара шаарынын Чорку айыл аймагынын Сомониён айылынын тургундарына шилтеме кылып, кыргызстандык аскерлер миномет атканын, андан жергиликтүү тургун жарадар болгонун жазган. Маалыматта эртең менен саат 10:00 чамасында кыргыз чек арачылары аткан үч минометтун снаряды жарылганы айтылган.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айыпты койду.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG