Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Чек ара: Жапаровдун тапшырмасы, коомчулуктун кооптонуусу


Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов (оңдо). Тажикстан. 19-сентябрь, 2022-жыл.
Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев (солдо) жана Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов (оңдо). Тажикстан. 19-сентябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров чек ара тууралуу жалган маалымат тараткандарды топтоп, Баткенге кызмат өтөөгө жөнөтүүнү тапшырды. Кыргызстан менен Тажикстан чыр чыккан аймактардан төрттөн чек ара постту алып салууну макулдашканы белгилүү болгон соң коомчулукта сын-доомат көбөйдү.

Президенттин эскертүүсүн анын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда Садыр Жапаров коргоо министрине буга байланыштуу атайын тапшырма бергени көрсөтүлгөн.

Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

"Президент Жапаров коргоо министрине "Кыргызстан чек ара бекеттерин алып салды, жерлерибизди берип салды" деп соцтармактарда жалган, так эмес маалымат тараткан жарандардын баарын "резервдик ротага" чогултуп, Баткенге алып барып, курал-жарак берип, аскерлер менен тозоттордо делимитация, демаркация иштери бүткөнгө чейин кызмат кылдыргыла" деген тапшырма берди. Эгер бир метр жерибизди берип жаткан болсок, дал ошол жерге барып "мына ушул жерибизди берип жатышат" деп айтып чыгышсын. Жалган маалыматтарды тараткандар өздөрү барып, өз көздөрү менен көрүп турушсун. Эки жак тең бири-бирине бетме-бет жакын жайгашкан заставаларды алып салышты. Анткени ал жерлерде дайыма болор-болбос эле нерселерден ок атышуулар башталып, чоң кагылышууга айланып кеткен учурлардан улам эки жак сүйлөшүп, ушундай чечимге келишти. Бир дагы бекет ачылган жок. Делимитация, демаркация маселеси чечилип бүткүчө чек ара бекер ачылбайт", - деп жазды Султанбаев.

Ал ошондой эле соңку протоколго токтолуп, документ эки өлкө чек араны толук тактаганга чейин убактылуу колдонуларын белгиледи. Ошондой эле жарандарга кайрылып, кооптонууга негиз жок деп ишендирди.

"Ал эми "жерлерибизди алып коюшат" деп күмөн санаган жарандарыбызга айтарыбыз, азыркы чек ара боюнча ар бир метр жерди эки тарап тең абдан жакшы билишет. Биздин жергиликтүү эл жана чек арачыларыбыз эч качан бир метр жерди да бербейт. Андан сырткары, ар бир чек ара тилкелерибиз спутник, учкучсуз учуучу аппараттар жана дрондор аркылуу 24 саат бою кайтарууда болот. Аскерлерибиз жана жергиликтүү калкыбыз коопсуз жерлерден байкап турушат. Андыктан бул маселеде сарсанаа болууга эч бир негиз жок".

Соңку чек ара макулдашуусу талкуу жаратып, сын-дооматты көбөйттү. Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикиринде, бийликтин аракеттери тууралуу элге толук, түшүнүктүү маалымат жетпей жатат.

Клара Сооронкулова
Клара Сооронкулова

"Бул оор, бир канча жылдан бери келаткан маселе да. Азыр менин түшүнүгүмдө, тозот коюп койгондо эки тарап тең "бул биздин жер" деп түшүнүп жатат. Куралдуу тозоттор тургандан кийин жарандардын ортосунда деле чыр чыгып кетсе чек арачылар кийлигишкенге аргасыз болуп, ок атылып кетип жатат. Азыр эми элге жакшынакай кылып түшүндүрүп бериши керек эле да".

Журналист Дилбар Алимова президенттин соңку тапшырмасын "олдоксон, осол иш" деп сыпаттады. Анын баамында, чек арага байланыштуу чечимдер кандай жагдайга кабыл алынганы бүдөмүк болуп жатат.

Дилбар Алимова.
Дилбар Алимова.

"Чек ара маселеси кандай талкууланып, кандай чечилип жатканын коомчулук билбейт. Эмнелер чечилип, кандай убадалар берилип жатканы белгисиз. Тажик тарап дайыма эле "протоколдорду аткаргыла" дегендей кыйытып айтып келе жатпайбы. Ошол эмне болгон протоколдор экенин эмдигиче билбей жүрөбүз. Аны саналуу гана адамдар талап кылып, ошону менен калып калат. Протоколдорго кол коюлгандан кийин дароо элге көрсөтүшү керек болчу. Ошол сүйлөшүүлөргө жергиликтүү элдин өкүлдөрү кошулдубу, алардын кызыкчылыгы эске алындыбы, жокпу билбейбиз. Биз баарыбыз Кыргызстандын жарандарыбыз, аны окуганга, билгенге акыбыз бар. Алар бизге жооп бергенге милдеттүү" - деди журналист.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев чек арага байланыштуу соңку чечимдерди сындагандарды коомчулукту дүрбөлөңгө салып жатат деп айыптаган.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

"Биз мурдагыларга окшоп сураган жерин кармата салып, "менден кийин эмне болсо ошол болсун" деп чечип кеткенден алыспыз. Саткын эмеспиз. Санаага батпай тынч уктаңыздар. Баары жакшы болот! Бир сантиметр жерибизди бербейбиз! Чек ара маселесин чечебиз", - деген Ташиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматова чек арага байланыштуу күдүк ойлор көбөйүп жатканына токтолду.

Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

"Тажиктер бир топ жылдан бери, Алмазбек Атамбаевдин тушунда деле минометтор менен кол салып жүргөнүн билесиңер да. Анын максаты Ворухка коридор ачып кирүү болгон. Ал жерде негизги максат аткезчилик деп дагы айтып келишет. Ошол жердеги көмүскө экономика, кайсы бир топтордун кызыкдар экенинен улам дагы ушундай маселелер, көйгөйлөр чыгып жатат деп айтып жүрүшөт. Ташиев өзү бийликке келгенге чейин 2020-жылы май айында пандемия учурунда Баткенге барып, "тажиктер бизди коркутуп алабыз, жерибизди алып алабыз дебесин" деген сөздөрүн айтып, мекендештердин ишениминен колдонуп жүргөн. Азыр болсо төрт бекет эмнеге алынып жатат деген чоң суроо жатат".

Ал арада Жогорку Кеңештин айрым депутаттары соңку куралдуу кагылыштагы кызмат адамдарынын жоопкерчилигине байланыштуу маселе көтөрө баштады. Алардын бири Шайлообек Атазов бул тууралуу Фейсбуктагы баракчасына Баткен облусуна барып келгенден кийин жазды.

"Мен кесиптештерим менен Баткен облусуна иш сапары менен бир нече күнгө барып келдик, ал жакта абал оор, мамлекеттен комплекстүү колдоо зарыл. Биз Тажикстандын куралдуу агрессиясына байланыштуу да аралык уюмдарга кайрылып, эл аралык сотко берип, кыргыз элине компенсация төлөтүү зарыл. Ал эми биздин тиешелүү министрликтер, жергиликтүү органдар тарабынан болсо саткындык, шалаакылык, жоопкерсиздик, коркоктук, мекенге болгон чыккынчылыгы жөнүндө реалдуу баа берүү зарыл. Бул - тарых! Жергиликтүү элден далилдүү фактылар менен топтодук. Кесиптештерибиз менен абдан нааразы болдук. Чындык кайда жатканын аныктабасак, келечекте кырчындай жаш балдарды дагы окко салып беришибиз мүмкүн! Биринчи эле суроо: Эмне үчүн согуш башталган соң, беш саат курчоодо калган жоокерлерге жакынкы айылда турган кошумча күч барган эмес?" - деп жазды Атазов.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы” деп атаган.

Расмий Дүйшөмбү да Кыргызстанга ушундай эле айып койгон.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 62 жаранын жоготту, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. “Озоди” радиосу жеке булактарына таянып, каза тапкан 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Көз карандысыз булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн боло элек.

"Москвада 20 жыл тапкан мээнетим бир күндө жок болду”
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:11 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG